Баракелде - Бүгүн, 25-январда акыйкатчы Турсунбек Акун №1 тергөө абагына барып, ал жактагы камактагылар менен сүйлөшүп, ал-абалдары менен таанышып, талаптарын угуп келген.
Кечээ оозун тиккендердин жалпы саны 385 болчу.
Бүгүн алардын саны 1 миң 90 адамга жетти. Ош шаарындагы №5 тергөө абагында 24, Жалал-Абад шаарындагы №2 колонияда 212 жана Жалал-Абаддагы ИВСда 45 адам ооздорун тигип алышкан.
Акыйкатчынын айтымында, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Ш.Байзаковдун туугандары тамак алып келсе жеп атышат дегенинен, тамак жебей жаткандыктарын далилдөө үчүн тигип алышкан.
Cүрөттөр Акыйкатчы институту тарабынан берилди














Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (6)