23 февраль 2012, 00:42
 
Каттоо


 
100 күндөн кийин өкмөт аткарган иши боюнча отчет берет
25 январь 2012, 17:42

Баракелде - Өкмөт өзүнүн аткарган иши боюнча 100 күндөн кийин отчет берет, деп билдирди премьер-министр Өмүрбек Бабанов.

Анын айтымында, өкмөттүн 100 күндүк программасы боюнча коомчулукка жооп берүү керек. Учурда реформалоо боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын аткарылышы боюнча эл күтүп жатат. «Биз 100 күндүн ичинде кандай иштерди жасагандыгыбыз боюнча маалымат беришибиз керек», - деди Бабанов.

Ал билдиргендей, март айынын аяк ченинде 100 күндүн жыйынтыгы боюнча отчет даярдалат.

Twitter В контакте Мой мир facebook

Пикир калтыруу

Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгула

Сайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.

Пикир калтыруу үчүн катталуу маалыматын киргизгиле.

     
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо

Пикир (6)

antibiotik 10:38:24 (29-01-2012)
интернеттен,Аккеизовдун жазганын кыргыз окурмандарынын талдоосуна.

"-1917-жылдан кийин колхозго трактор сатып келишип,кимге айдатууну билбестен,кузнецке-темир устага беришет,ушул киши темир тезеке жакын тушунот деп.
Кузнец тракторду айдап баратып жолдун четинде турган бакты сузуп антарылат,колхоздун мучолору топтолуп,ары ойлонуп,бери ойлонуп акыры жолдун четиндеги бут бак даракты кыйып чыгууга чечим кабыл алышат.
Кийинки куну эле кузнец жолдун четиндеги анга тушуп кетет.Чечим кабыл алышат жолдун ар тарабындагы чункурларды толтуруп чыгууга,бут колхоз бул жумушту да аткарышат.Эми кузнецке шарт тузуп беруу керек да тракторду айдаганы.
Кузнец эми кыйратам деп каттуу айдап бара жатып,ошол эле куну тракторду антарып,жараксыз абалга алып келет.
Жинденген колхозчулар эми кузнецти олтуробуз деп чечим чыгарып,акыркы созду кузнецке беришет.
-Эми туура тушунгуло колхоздо бир эле мен темир устамын-кузнец,мени олтурсонор колхоз темир устасы жок калат,андан коро бондарды (Бочка жасаган жыгач уста)олтуролу,себеби алар экоо деген оз сунушун айтат.
Ары ойлонуп,бери ойлонуп акыры колхозчулар бондарды олтуролу деп бир добуштан чечим кабыл алышат"
Качан орокчуга орокту,отукчуго отукту бересинер,элдин мамлекеттин кызыкчылыгы учун?
Жогорудагыдай дагы эле 100,1000 кундон кийин "Бондарлар" куноолу боло беришет.
bostonkgz 1:32:28 (29-01-2012)
Ташиев, Келдибеков, Кольбаев, Ата-Журт, Мадумаров, Бакиевчилер - силер
Кыргызстанды артка тарткан жат корунушсунор, силер жок болсонор эле эл жакшы жашап кетет эле.
manas_osh 14:28:16 (27-01-2012)
Бабанов иштеп жатат дейсинби??? Каякта Бабанов иштеп жатат, туура иштеп жатат, бирок озунун чонтогуно, мамлекет же эл учун эмес. Мен жана айткандай Джал-Артистен 3 батирлуу уйду алуу учун биздир паракор премьер министрибиз 5000 долларсыз колун койбойт экен, ипотекага алуу учун. Мына сага иштеп жатат Бабанов. Озумдун эжемдин жакын досу ушинтип Бабановго беш мин бербесек уйлуу боло албайт экенсинер дегенде, эптеп септеп таап бердик. Буга эмне дейсинер?
stan.kg 14:14:31 (27-01-2012)
Бизге эч нерсе жакпайт экен.Мурдагыларга салыштырмалуу Бабанов мырза аракет кылып жатат. Эгерде премьер болгонуна 1 жылдан ашып кетип эч нерсе кылбаса анда айтсак болот иштебей жатат деп.Жаны 1 ай убакыт болду,башында өкмөттүн курамын тууралап албаса кантип иштемек эле.Бабанов жаш,аракетчил экени көрүнүп турат.Туура эмес кылган иштерин убагында айтып турушубуз да сөзсүз керек,болбосо кутуруп кетишет.Бирок реалдуу фактылар менен айтсак туура болот эле.Мага бул өкмөттүн 100 күндүк программасындагы негизги көчөлөргө видео көзөмөл коебуз дегени аябай жакты.Анткени мында эреже бузгандардын айыбы МАИчилердин сол чөнтөгүнө эмес,түздөн түз өкмөткө түшөрү белгилүү.
kuralls 23:04:50 (26-01-2012)
-ser- кыргыздын маданиятында жаланач чыгып ырдаган болгон эмес, батыштын бузуку кылыктарын уйронуп келип элдин маданиятын бузуп жатса. аны кой деген адамдар акча менен убара, туура кылат, андайларды телеге чыгарбоо керек, аны бут кыргыз эли корот,

100 кундон кийин коробуз эмнени кыйратты, болбогон кагаз отчетторду алып келип, биз планды ашыгы менен жасадык деп отчет берет, коробуз.... кагаздагы сандардын осушу - бул жашоонун женилдеши эмес экенин бул тушунсо кана... кудай буюруп ошол кундор келе берсин, коро жатарбыз...
-ser- 9:20:38 (26-01-2012)
100 күндүн ичинде маалымат бериңиздер да отставка кете берсеңиздер болот. Куру популизмдин керекги деле жокко дейм. бабаныч, сизден сураныч, жок дегенде маданият минитрлигине бир жаштардан койсоңуз болбойбу, кайдагы бир педагогду алып келип коюп койдуңузда, ал эмнени билмек эле маданият багытында. Маданият чөйрөсү 2 ге эмес, төрткө бөлүнүп бара жатат. Сактап калбасаңыз, жакында жарылат ко чыгармачыл адамдар. Артисттердин да көйнөгүн көзөмөлдөйбуз дегени Конституциялык жарандык укуктарды бузуп жатат. Чыгармачылык эркин экени дардайып жазылып турбайбы. Эгер Жунусов мырза Конституцияны билбесе, бир сунунш бербейлиби, бүт министрдин баарысын Конституция жана Негизги Мыйзамдар боюнча аттестация өткөрбөйсүзбү.
 
22 февраль 2012
20:54   Жогорку Кеңеште комитет төрагаларынын орун басарлары шайланышты (тизме)16:51   Буга чейинки К.Курманалиевага карата айтылган айыптоолордун баары калп — Талас облусунун мурунку губернатору16:12   "Ар намыс" фракциясынын ичинде комитет орун басарлык кызматы үчүн чатак чыккан15:29   Э.Каптагаев: Демократиялык жолго өтүү өлкө үчүн өтө кымбатка турганы унутта калат дешсе жаңылышат жанагы сокур саясатчылар15:12   У.Кочкоров комитет төрагаларын орун басарларын шайлоодо «атажуртчу» депутаттарды «жөн эле» өткөрүп коюуну суранды15:00   Жогорку Кеңеште фракциялар комитеттерди «менчиктештирип» алгандыгы айтылды14:47   Э.Каптагаев: А.Атамбаев «мага кеңешчи болуп эле жанымда калыңыз» деген14:40   К.Ташиев жана А.Мадумаров Ошто 1-мартта, Бишкекте марттын аягында миңдеген адамдардын катышуусундагы митинг өткөрүшөт14:35   К.Ташиев: Мен мамлекеттин бир дагы кирпичин менчиктештирип алган эмесмин13:16   Жогорку Кеңеште И.Пирматовдун кылмыш иши боюнча депутаттык комиссия түзүлдү13:01   Ош шаарындагы башка партиялардын баннерлери да кыргыз, орус жана өзбек тилинде илинген, - «Улуттар биримдиги» (фото)12:25   И.Пирматов: Мага карата кылмыш ишин жандандыруу — саясий буйрук12:22   А.Келдибеков партиялаштары К.Ташиев менен Н.Сулаймановго болушту12:11   Чоңдорго жаңы түзүлгөн Коррупцияга каршы күрөшүү комитети жакпай калыптыр11:51   К.Ташиев «депутат шайлоого тикелей үгүт жүрүгүзүүгө болбойт» деген мыйзамга түкүрүп да койгон жок, - «Кереге»10:47   К.Осмонов: Ташиев менен Мадумаровдун биригүүсү жөн гана эки лидердин жеке чечимдери10:46   Башпрокуратура К.Ташиев, Н.Сулайманов жана Н.Түлеевди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча парламентке кайрылды10:30   А.Атамбаев Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун дирекциясын өкмөттүн карамагына өткөрүп берди10:03   Жогорку Кеңеште бүгүн депутат И.Пирматовду кол тийбестигинен ажыратуу маселеси каралат08:23   К.Осмоналиев: Өкмөткө караштуу Илимий-техникалык кеңешти кайра түзүү зарыл08:19   Депутаттар Р.Жээнбеков жана Ө.Абдрахмановду фракциядан чыгарышабы?
21 февраль 2012
18:08   ЖК комитет төрагаларынын орун басарларына талапкерлер (тизме)16:20   ЖКнын Этика комитети депутаттарды Регламентти сактоого чакырууда15:43   А.Сулайманов менен М.Мырзакматов негизги күч сынашчулар15:32   А.Карашевдин максаты — М.Мырзакматовду кызматтан кетирүү, - «Азия ньюс»15:22   Ө.Суваналиев «мен эч качан Ташиев менен Мадумаровго кошулбайм, кошуп алышым мүмкүн» деп тар чөйрөдө айтыптыр15:18   Кыргызстанда референдумду жарыялоо укугун Жогорку Кеңешке берүү маселеси көтөрүлдү14:54   К.Исабеков: Менин кабинетимде А.Атамбаев отурганда Күмтөрдүн документтери жоголгон14:28   Т.Акун: Парламент Акыйкатчы институтун баш ийдирип, контролдоп алгысы келип жатат13:36   «Де-факто»: К.Ташиев «элдик толкун баарыңарды шыпырып кетет» деп коркутту13:11   К.Ташиев Оштогу жолугушууларында «4-март биздин жеңишибиздин башталышы болот» деди11:51   Жогорку Кеңеште «Коргоо кеңешинин коррупция менен күрөшүү боюнча иш-чаралары жөнүндө» чечими талкууланат11:28   Депутат Н.Арипов: Коррупция менен күрөшүп жатабыз деп 100 долларды алган адамдарды камакка алып жатышат11:23   Депутат И.Исаков коррупция менен күрөшүүдө президент ашыкча укуктарды пайдаланып жатат деп билдирди11:22   К.Исаевдин «парламенттин тарашы жакшылыкка алып барбайт» дегени былжырак сөз, - «Фабула»10:35   Ошто шайлоого катыша турган саясий партиялар үчүн өтүү чеги талаш-тартыш жаратып жатат09:58   М.Мырзакматов баннерлерин өзбек тилинде да чыгарганына шаардыктар нааразы (фото)
20 февраль 2012
16:44   Ө.Текебаев: Сот системасын реформалоону баштоо 1,5 айга кечигип жатат12:45   О.Нарбеков Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлык кызматынан бошотулду12:22   Б.Абдраев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды11:45   Т.Акеров жана Р.Мамыров жаңы түзүлгөн маминспекциянын директорунун орун басарлары болуп дайындалышты10:21   Мелис Мырзакматовдун артында ким турат?10:19   Июнь окуясын тутанткан сепаратисттерди Кыргызстанга алып келүү канчалык реалдуу?
18 февраль 2012
12:33   А.Атамбаев экинчи жолу талапкерлигин президентикке койбойт11:48   А.Атамбаев Орусиядан Кыргызстандагы базалары үчүн акы талап кылат11:27   А.Атамбаев: Айрым күчтөр этностор ортосундагы мамиле сыяктуу абдан аяр маселени өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракет жасап жатышат11:06   ЖКнын мыйзам долбоорлорунун портфелинде каралуусу кечиктирилген бир дагы маселе жок, - ЖК басма сөз кызматы
17 февраль 2012
17:37   ЖК вице-спикердин бирин коалициядан, экинчисин оппозициядан шайлоо сунушталууда16:41   К.Исаев: Жогорку Кеңештин таркашы жакшылыкка алып барбайт16:26   К.Исаев: Ө.Бабанов экөөбүздүн жеке мамилебиз бузулбай-этпей эле мурункудай
 

Биздин дарек: Бишкек шаары, Москва көчөсү 189
Тел: +996 (312) 45 66 72
Факс: +996 (312) 65 02 04
E-mail: barakeldeorg@gmail.com
© «Баракелде» 2010-2011
«Баракелде» сайтында жайгашкан материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
Материалдарды жалпыга таратуу «Баракелде» редакциясынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.