Баракелде - Менин күнөөм жок, эч кайда качпайм деген чечим кабыл алгам, дейт Курманбек Бакиевдин бир тууганы Акмат Бакиев «Арена.kg» гезитинин 26-январда чыккан санындагы маегинде.
«Менин күнөөм жок болсо, мен эмне үчүн качышым керек эле? Мага коюлган айыптоолордун баарын негизсиз деп эсептейм. Мен ал 8 пункттан турган айыптарды мойнума алганым жок», - дейт А.Бакиев.
Анын айтымында, дарыланып чыккандан кийин кайра абакка чакырабы, жокпу билбейт. «Толук кандуу эркиндикке чыккандан кийин мурунку иштеримди улантып, жеке ишкерлик менен алектенем. Кадыржан Батыров өрт койгон ата конушту калыбына келтирем. Саясат менен алектенбейм», - дейт А.Бакиев.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)