Баракелде - Бүгүн, 26-январда борбордо жогорку вольттогу «Молодогвардейская», «Мамбетова», «Арча-Бешик» көмөкчордондордун ашкере жүктөлгөндүктөн «Көлмө», «Ак-Босого» конуштарында, Ленинград, Молодая Гвардия райондорунда, «Ак-Өргө», «Ак-Ордо», «Ала-Тоо», «Арча-Бешик» конуштарында кезек менен 2 саатка өчүп жатат.
«Түндүк электр» ААК басма сөз кызматы билдиргендей, азыркы учурда Бишкек шаарындагы жумушчулар шаарчасындагы чектелген көчөлөрдүн төрт чарчысы Гагарин/Ремесленная/Чапаев электр кардарларынын электр энергиясы жок.
Себеби, ашкере жүктөлүштөн № 857 трансформатордук көмөкчордондон баштап №859 ТК дейре орнотулган 6 кВ кабелдик электр чубалгысы бүлүндү. «Түндүк электр» ААК кабелчилер кызматынын адистеринин айтымында, аталган аймактын электр энергиясы түштөн кийин берилет.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)