Баракелде - Ош шаарындагы казинолордун жана оюн клубдарынын мурунку кызматкерлери Ош шаардык мэриясына жумушсуз калгандыктарын айтышып, жумушка орношуу маселелерин чечип берүү боюнча кайрылышты. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы маалымдады.
Ош шаарында «Ташрабат» жана «Гранд» аттуу эки чоң казино иш жүргүзүп келген.
Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, казинолордун мурунку кызматкерлери менен Ош шаарынын вице-мэри Дастан Ходжаев жолугушту.
Анын айтымында, Ош шаарында Эмгек биржасы бар, мурунку казинонун мурунку кызматкерлери ошол жакка кайрылып, жумушка орношуу боюнча бош орундарды ошол жактан билсе болот.
Оюн клубдары ассоциациясынын өкүлү Мирлан Азимжанов билдиргендей, казино оюн-зоок мекемелеринин жабылышы менен түштүк аймагында 1 миң адам жумушсуз калды.
«КР өкмөтү казинолорду жабуу тууралуу мыйзамды кабыл алып жатып, казино кызматкерлери мындан кийин кайсы жакка барып иштей тургандыгы боюнча мониторинг жүргүзүшкөн жок. Казинолордон түшкөн акча өлкөнүн казынасына бир топ салым кошуп жаткандыгын түшүнүү керек жана бул акчалар мугалимдердин, дарыгерлердин, мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысына төлөнүп жатты. Мамлекет казинолордон түшкөн чоң суммадагы салыкты жоготуп жатат», - дейт ал.
М.Азимов бир мыйзамдын айынан Кыргызстанда 15 миң адам жумушсуз калгандыгын айтып, «Биз өкмөттөн жумушсуз калган жарандарга жумуш ордун сунуштоону же болбосо бул мыйзамды кайрадан карап чыгууну суранабыз», - деди.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)