Баракелде - Бүгүн, 26-январда Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жыйындар залында «Тянь-Шань» казиносунун жабылгандыгына байланыштуу анын кызматкерлери менен мэриянын жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салыжан Умаров, калкты иш менен камсыздандыруу ишканасынын жетекчиси Мамбет Ырысбаев менен жолугушту. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Аталган казино жоюлгандан кийин 22 кызматкер жумушсуз калып, алар акыйкатчыга арыз жолдошкон. Ал кат шаардык мэрияга жөнөтүлүп, учурда маселенин үстүндө чогулуш болду. Чогулушта 22 кызматкер катышып, алар казинодон 3 айлык компенсация төлөп берүүсүн талап кылып жатышат. Ал эми казинонун менеджери Эмил Белошаров «Бизге мамлекеттен, өкмөттөн компенсация төлөп берилсе гана биз бошогон кызматкерлерге төлөп бере алабыз» дейт. Ал эми калкты иш менен камсыз кылуу ишканасы шаардык каттоо менен учетко туруп койсо, аларды кыска мөөнөттөгү окууларга окутуп жардам беребиз, деп билдирет М.Ырысбаев.















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (1)