Баракелде - Жогорку Кеңештин депутаттары 26-январда пленардык жыйында «Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жөнүндө» мыйзамдын долбоорун талкуулашты.
Демилгечилердин бири, депутат Равшан Жээнбековдун айтымында, бул жаңы мыйзам долбоору жана анда мурда чечилбей келе жаткан паспорт алуу маселесин чечүү демилгеси каралган.
«Азыр паспортту 200 еврого чейин сатып жатышат. Айыл жергесинде паспорт алуу көп көйгөйлөр менен жүргүзүлүп жатат. Бул мыйзам долбоору менен паспортко бааны арзандатуу жана жөнөкөйлөтүү системалары алдыга коюлат», - деди ал.
Анын айтымында, бул мыйзам долбоору менен биргелешкен маалымат базасын түзүү маселеси алдыга коюлат, бирок бул маселени өкмөт менен каржылоо булагын макулдашуу керек.
«Мурда паспорт алуу үчүн 14 документ керек болсо, азыр 4 документ гана жетиштүү деп сунуштап жатабыз. Эгерде жарандар паспортунун негизинде жаңы паспорт алууну каалашса, кайрадан документ чогултпай эле арыздын негизинде паспорт алуу мүмкүнчүлүгүн берип жатабыз. Ошондой эле, жарандарга эки паспорт алуу мүмкүнчүлүгү жаралууда. Мындан тышкары, паспорттун баасын минималдык айлык акыга теңеп, паспортту алуу баасын төмөндөтүп жатабыз», - деди эл өкүлү.
Р.Жээнбековдун айтымында, паспорттордун түрү мурдагыдай эле ID-карта жана чет өлкөлүк паспорт болуп кала берет. «Жарандар жылына 2-3 жолу ID-картаны аймаштырып жаткандыгына байланыштуу, ID-карта паспортунда жарандардын жашаган дарегин жана үй-бүлөлүк абалын жазууну алып салууну сунуштап жатабыз. Ал эми чет өлкөлүк паспорттордо барактарын көбөйтүү сунушу дагы каралды», - деди ал.
Ал эми депутат Бөдөш Мамырова ID-картаны жана чет өлкөлүк паспортту бириктирип эле, бир паспортту берүү чечим чыгарса болобу деген суроосуна, Р.Жээнбеков башка өлкөлөрдө дагы эки паспорт берүү ташрыйбасы каралган деп айтып, өлкөнүн ичинде ички документ керектигин баса белгиледи.















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (1)