Баракелде - Жакында коңшулаш Тажикстандын Тагояк жана Ворух аймагы менен чектеш жайгашкан Лейлек районундагы кыргыз айылдарынын жашоочуларынын, чек ара жана милиция кызматкерлеринин катышуусунда тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы маалымдады.
Маалыматка ылайык, тегерек стол Тажикстандын Худжанд шаарындагы «Жаны муун» коомдук бирикмеси тарабынан «ЮСАИДдин» каржылоосунда аткарылып жаткан «Чек ара жаштарынын кызматташуусу» долбоору алкагында уюштурулду.
Анда катышуучулар жергиликтүү көйгөйлөрдү аныктап, ал көйгөйлөрдү чогуу чечүүнүн үстүндө долбоорлорду жазууну чечимине келишти.
Ошондой эле, тегерек столго Борбордук Азиядагы Евразия фондунун (ФЕЦА) шериктеши «Лейлек даанышманы» коомдук фонду да катышты.
Мындай аракеттер, чектеш жайгашкан тажик-кыргыз айылдарынын достугун бекемдөө максатында долбоордун алкагында уюштурулган.
Эске сала кетсек, мындан 1 ай мурда да ушундай тегерек столдор Кыргызстандын Лейлек районунда уюштурулган.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)