Баракелде - Баткен шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Кубаныч Нурмаматов билдиргендей, бүгүн, 26-январь күнү Баткен шаарында борбордук базардын жанындагы көчөлөрдө соода кылган жарандарды базар ичине киргизүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы маалымдады.
«Борбордук базардын айланасын иретке келтирүү боюнча мэриянын буйругунун негизинде атайын комиссия түзүлдү. Комиссия 24-январдан баштап, шаардагы М.Нургазиев жана Сайдиман ажы көчөлөрүндө соода иштерин жүргүзгөн 50гө жакын жаранды базардын ичиндеги атайын жайларга көчүрүү иштерин жүргүзүп жатышат», - дейт К.Нурмаматов.
Анын айтымында, буга чейин жол жээгинде соода-сатык иштерин жүргүзгөн жарандарга эскертүүлөр берилген.
«Бирок эч кандай натыйжа чыккан жок. Ал жарандар биринчиден - жол жээгине чыгып алышкан, экинчиден - санитардык-коммуналдык кызматтарга эч кандай акы төлөбөйт», - дейт ал.
Ал кошумчалагандай, жол четинде соода кылган жарандардын айынан базарга жакын жайгашкан Пиримкулов көчөсүндөгү жашоочулар үйлөрүнө унаа менен кире албай ыңгайсыздыктарга дуушар болуп жатат.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)