Баракелде - Камактагылардын аялдары жана энелеринин комитети ачкачылыкты токтотууга жардам берүү суранычы менен өкмөткө кайрылышты. Бул тууралуу аталган комитеттин мүчөлөрү бүгүн, 26-январда маалымат жыйынында билдиришти.
Алардын айтымдарында, камактагылардын туугандары анда болуп жаткан ачкачылыкты кантип токтотууну билбей, тез аранын ичинде болуп өткөн окуяларга ким күнөөлүү экендигин тактап иликтеп, ачкачылыкты токтотуп берүүнү суранып жатышат.
«Бизге камактагылардын туугандары кайрылып атышат. Алар да, биз да абактагы ачкачылыкты канткенде токтотуп, камактагыларга кантип жардам беришти билбей жатабыз. Ошондуктан биз акцияны токтотуу үчүн Жогорку Кеңешке, өкмөткө жана Башкы прокуратурага жардам берүү өтүнүчү менен кайрылабыз», - дейт аталган комитеттин төрайымы Динара Муканбаева.
Белгилей кетсек, комитет 2011-жылдын аягындагы камактагылардын ачкачылык жарыялоосунан кийин, камактагылардын укукгун коргоо максатында түзүлгөн. Курамында камактагылардын туугандары, ата-энелери, бир туугандары бар.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)