23 февраль 2012, 00:27
 
Каттоо


 
М.Суталинов «сүф, сүф, сүф!», деп жатабы?
26 январь 2012, 15:04

Баракелде - Кыргыз тарыхында өз жеринде 1916-1938-жылдан кийин топ-тобу менен кыргынга учурашы, 2010-жылдын 7-апрелине чейин болгон эмес. Мындай аталыштагы макала «Айгай» гезитинин 26-январында чыккан санында жазылды. Аны төмөндөн окуй аласыздар.

Ошол кандуу окуяга түздөн-түз катышы бар, ошол кездеги УКМКнын төрагасы Марат Суталинов 1 жыл 8 ай белгисиз жактарда жүрүп, өткөн жылдын декабрь айында эч нерсени билмексен, көрмөксөн болуп, кандуу окуяга байланышкан сот процесси жүрүп жаткан кезде пайда болуп, эл ызы чуу болуп, оболу үй түрмөсүнө, андан соң «чек араны мыйзамсыз кесип өттү» деген айып менен кайрадан 2 ай мөөнөт менен УКМК абагына камалган. Бирок, М.Суталиновго 7-апрель иши боюнча жактоочу О.Жамансариедин «камакка алынсын» деген өтүнүчү судья Д.Оңолбеков тарабынан четке кагылып келген. Башкы прокуратура Аскер Сотунун коллегиясына кассациялык жолдомо берген. Башкы прокуратуранын кассациялык жолдомосу боюнча (21. 01. 2012-жылы) иш Акер Сотунун коллегиясында Закирбек Мамытовдун төрагалыгы менен каралып, 20-декабрда Бишкек Аскер Сотунун коллегиясынын чечимин күчүндө калтырды. Бул ишти жөнөкөйлөштүрүп айтканда М.Суталинов «чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн» 2012-жылдын 15-апрелине чейин УКМКнын абагында «отуруп» чыгат, бирок, 7-апрель окуясы боюнча «үй түрмө» - деп аталган квалификация менен үйүндө жылуу «домашнийи» менен жылуу халатын кийип алып, диванында чалкалап олтуруп, телевизор көрүп, эркин жүрө берет. (Мындай кырдаалда ал тергөөчүлөр, ишти караган судья менен сүйлөшүп, келишип албайт деп ким кепил боло алат?)

Кылмышка шектүү деп таанылган адам сот ишти караганча эмне үчүн камакка алынат? Ошол шектүү адам тергөө иштеринде тергөөчүлөр менен келишип кетип, фактыларды бурмалабасын, сотту сатып албасын же коркутуп ишти бурмалабасын… дагы ушул сыяктуу амалдарга барбасын деген максатта абакка камайт. Эсиңиздердеби, 2009-жылы, ошол кездеги курулуш жана архитектура агенттигинин директору Ишенбай Кадырбеков экономикалык кылмыштуулук үчүн бир жыл абакта отурган. Кечээ жакында Аскер Сотунун коллегиясы (М.Суталиновду камакка алуудан баш тарткан күнү) Жумгал райондук прокуратурасынын кызматкери Э.Шаршеев дегенди 10 миң сом пара алгандыгы үчүн Бишкек шаардык 1-май райсоту 2 ай мөөнөткө абакта камаганга чечим чыгарды. Экономикалык кылмышка И.Кадырбековдун, Э.Шаршеевдин ишине караганда М.Суталиновго коюлган айып 100 эсе оор. Бирок, аны Аскер Сотунун коллегиясы «Суталинов өз-үйү, өлөң-төшөгүнө барып жатышы керек» - дегендей мамиле кылып жатат. Дагы бир парадокс, М.Суталинов «Чек араны мыйзамсыз кесип өткөн» деген айып менен, 2 ай «абакта» жатат, ушул азыр. М.Суталиновдун чек арага карата болгон мыйзам бузуусу 7-апрель окуясы боюнча ага карата коюлган оор айыпка караганда 100 эсе жеңил. Сот бийлиги М.Суталиновду жеңил иш боюнча камап жатса, ошол эле учурда оор кылмыш иши боюнча камакка алгандан баш тартып жатат. Бул неси? Же соттор юридикалык квалификацияны каалагандай калчап жатат дегендикпи? Ушул жерде «итиңдики кызарып көрүнүп жатпайбы»! Бул баягы эле көнүмүш болуп бүткөн «дүжүр» соттордун жоругу эмей эмне? Сыягы, «ушундай кыл» деп бийликтин бийлик сересиндегилер буйрук берип жаткандай. Болбосо алар М.Суталиновго жан тартпайт болчу. Тескерисинче, сот реформасы болуп калса, соттор ошол электен өтүп кеткенге аракет кылып, адилет чечим чыгарышмак. Бул жерде дагы бир күмөндүү маселе - 7-апрель ревлюциясынын күчү менен бийликке келишкен президент А.Атамбаев, демейде чечекейи чеч болуп, элге күйгөн болушуп, микрофонду ооздорунан бир карыш алыстатпай жүрүшкөн депутаттар И.Исаков, Ө.Текебаев, Б.Мамырова, Д.Ниязалиева жана башкалар эмне үчүн үн катпайт, «айт- уйт!» - дегенге жарашпайт, мыйзамдар тепселип жатса, же Суталинов буларды да «сүф, «сүф, «сүф!» деп койгонбу, «алтын шилекейин чачыратып». Айтор, бул дагы көпчүлүккө күмөн... Бакиевдин башкы желдеттеринин дагы бири, 7-апрелден башка да көп кылмыштуу иштерге тиешеси бар делип келген, анын ичинде журналист Сыргак Абдылдаевдин мыкаачылык менен сабалышына, Медет Садыркуловдун жанындагы үчөөнүн мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө түз болбосо да каймана тиешеси бар Молдомуса Конгантиев болсо ММК беттеринде улак тартып жүрөт. Мына ушундай жагдайлар көпчүлүктүн 7-апрель иши боюнча сот иштеринин адилеттүү болооруна күмөндөрүн күчөтө баштады. Аскер сотунда бир жыл 8 айдан бери ишти карап жаткан судья Дамир Оңолбековдун соттук мөөнөтү өткөн декабрь айында аяктаган. Демек, Оңолбеков эми сотторду тандоо кеңешинин жана да Жогорку Кеңештин элегинен өтүшү керек. Сотторду тандоо жөнүндөгү мыйзамы али жок. Ал мыйзам ишке кириши үчүн кыйла убакыт өтөт. Өткөндө парламенттин төрүндө президенттин ал жактагы өкүлү, президент А.Атамбаевдин атынан айтып жатпайбы «бул маселени 2015-жылга чейин кое туралы, жакшылап талкуулайлы» деп. Муну кандайча түшүнсөк болот?

Ал эми 7-апрель окуясы демекчи, өйдөкүлөр канчалык кууланышса да, эгер кандайдыр бир амалдар менен 7-апрель ишин Д.Оңолбеков уланта турган болсо, акыры ал эч бир юридикалык күчкө ээ болбой калат. Мүмкүн бийликтегилер мыйзамга көз жуумп, ишти Д.Оңолбековго эле калтыраар. Себеби, бул судья бийликке өтө ишеним жаратып бара жатпайбы...

Twitter В контакте Мой мир facebook

Пикир калтыруу

Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгула

Сайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.

Пикир калтыруу үчүн катталуу маалыматын киргизгиле.

     
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо

Пикир (0)

 
22 февраль 2012
18:28   Каракол шаарында наркотикалык заттарга кызыккандар акыркы 5 жылда он эсе көбөйгөнү айтылды18:01   Караколдо мамлекеттик органдардан маалыматты талап кылуу боюнча тренинг өттү17:48   Нарында Кыргызстандын аймактык башкаруусу талкууланды16:26   Спикер А.Жээнбеков кыргызстандыктарды Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктады16:25   ЖК комиссиялары кайра-кайра текшерип иштөөгө тоскоолдук кылып жатат — Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы16:05   Ш.Байзаковду колдоо боюнча кол чогултулуп атат15:37   Депутат айымдар калпак жана гвоздика гүлү менен кесиптештерин куттукташты (фото)15:01   Ош шаарында коомдук адилеттүүлүктүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата терегек стол болду13:43   Бишкекте эскирген үйлөр бузулат13:33   Бишкекте Ата Мекенди коргоочунун күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулат (программа)13:22   Президентке караштуу Башкаруу академиясынын студенттери ЖК депутаттары менен жолугушту12:52   «Айкын саясат»: Камчыбек Ташиев Кашкардан келген уйгур экен11:33   Министр З.Рысалиевдин маянасы 42 миң сом11:07   Аскерге чакырылуучулардын негизги массасын титулдук улуттун - кыргыздын өкүлдөрүнөн турган жаштар түзөт10:57   Ө.Бабанов Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады10:53   ОшТУда эл аралык эне тилдер күнү белгиленди10:04   Жалал-Абадда өткөн жылы 392 жаратылышка келтирилген зыян аныкталган09:58   Ошто жергиликтүү кеңешке шайлоого даярдык боюнча штабдык жыйын болуп өттү09:52   «Ата Мекен» фракциясынын жыйындарга катыштыгы начар экендиги дагы айтылды08:33   Баткенде «Мекенди коргоо» күнүнө карата майрамдык салтанат болуп өттү08:09   Өзгөн районунда жол коопсуздугун тейлеген кызматкерлер жетишсиз
21 февраль 2012
16:24   Садык Шер-Нияз: Агам Болот Шер саясаттан маданиятка ооп кетти16:18   Губернатор С.Жээнбеков Ноокаттагы Зулпуев айылдык округунда элдик жыйынга катышты15:51   «Де-факто» Кыргызстандагы талаш жерлер жана анклавдар боюнча маалымат чыгарды (инфографика)15:30   Депутат Д.Тербишалиев түнкү клубдан мушташканы боюнча кабарланды14:42   Кыргызстан Гимнинин текстиндеги 5 сөздү өзгөртүү сунушталууда14:19   Азыр К.Оторбаевди эптеп алып түшүүнү көздөгөн күчтөр жок эмес14:11   Акыйкатчы Т.Акун өзүнүн 4 жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды13:48   Ошто студент кыз президент А.Атамбаевге өз колу менен түйгөн байпакты белекке берди13:07   Талас эли - аял башкарчу эл эмес, - губернатор К.Курманалиевага каршы жарандар12:46   Кыргызстанда Кыйноолорго каршы күрөшүү боюнча улуттук борборду ачуу демилгеси көтөрүлүүдө12:42   Жалал-Абадда 23-февралга карата милиция кызматкерлери гарнизондук бөлүштүрүү өткөрөт12:13   Губернатор К.Курманалиева кара дуба менен алектенет, - мурунку орун басары А.Тургуналиев11:35   Ооган согушунун катышуучулары акчалай сыйлыктар менен сыйланышты11:29   Кара-Сууда окуучулар «Мектеп рэкетчилигине каршыбыз» деп аталган акция өткөрүштү10:30   Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу Чүй, Талас жана Бишкекте авариялык өчүрүүлөр болду10:29   Ош шаарынын 95,3% көчөлөрү жарыктандырылат10:21   Ноокатта 2012-жыл «Таза шаар жылы» деп жарыяланды10:08   Жалал-Абадда милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөр үчүн экскурсия уюштурушту09:40   Коомдук каналда «Көзачыктар таймашы» теледолбоору башталат09:22   Атактуу балет бийчиси маркум У.Сарбагышев менен коштошуу бүгүн болот
20 февраль 2012
17:24   Ысык-Көл губернатору М.Асанакунов облустагы мэр, акимдер менен жолугушуу өткөрдү15:47   Маркум А.Эшбаевдин жакындары УКМК алдына митингке чыгышты13:41   Губернатор С.Жээнбеков Кара-Суудагы Папан айылдык округуна иш сапары менен барды11:26   Кыргызстанда этникалык орустардын укуктары бузулуп жаткандыгы айтылууда11:00   Каракол шаарында 92784-аскер бөлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленди10:41   Жетим-жесирлердин батасы жана Кудайдын жардамы менен чоң ажал кайып өттү (макала)10:14   Кыргызстандын тышкы саясатын ким аныкташы керек? (сурамжылоо)10:10   А.Атамбаев июнь окуяларында жапа чеккен ишкерлер менен жолугушту
18 февраль 2012
11:45   Жогорку Кеңеш эл аралык сынактарда уткан таланттуу жаштардан киреше салыгын албоо демилгесин көтөрүүдө
 

Биздин дарек: Бишкек шаары, Москва көчөсү 189
Тел: +996 (312) 45 66 72
Факс: +996 (312) 65 02 04
E-mail: barakeldeorg@gmail.com
© «Баракелде» 2010-2011
«Баракелде» сайтында жайгашкан материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
Материалдарды жалпыга таратуу «Баракелде» редакциясынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.