Баракелде - Өзгөчө кырдаалдар министри болгон Кубатбек Боронов алигиче кызматын жууп, майлап бүтө албай, өзүндө «өзгөчө кырдаал» болуп жатабы?, деп суроо салат «Айгай» гезити 26-январда чыккан санында.
Гезитте белгиленгендей, Бишкекти аралай кесип өткөн Ала-Арча каналындагы суу аралашкан шыргалаң 2 күн катары көтөрүлүп отуруп, акыры 2012-жылдын 24-январында жээкке чыгып кетип, Малдыбаев көчөсүндөгү үйлөрдү, ал жерде жайгашкан гараждарды каптап кетти. Ал жакта жашаган эл, ошол тарапка каттап жатышкан жүргүнчүлөр кыйла кыжаалатты баштарынан өткөзүшүп, Бишкек мэриясын, өзгөчө кырдаалдар министрин ашата сөгүп жаткандарына кабарчы күбө болду.
Гезитте маалымдалгандай, бул каналдын музун түзүк тазалабай коюшса керек. «Каналды тазалоого сарптадык» деп канча акчаны сол чөнтөккө урду болду экен, эргулдар? Республика партиясынан өзгөчө кырдаалдар министри болгон Кубатбек Боронов алигиче кызматын жууп, майлап бүтө албай, өзүндө «өзгөчө кырдаал» болуп жатканбы же партиялашы Ө.Бабановго таянып, мурдун балта кеспей жатабы - борбордогу үйлөрдү, көчөлөрдү муз аралаш суу каптап жатса кыймылдабаганына караганда», - деп жазылат гезитте.
Республикачыл дагы бир «көзүр» А.Шадиевдин энергиясы болсо тынымсыз өчүп жатат «жалп, жалп» этип тигинтип (төмөн жагыңызды карсаңыз), деп кошумчалайт гезит.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)