Баракелде - «Арена.kg» гезити 26-январда чыккан санында жазгандай, парламенттин отурумунда Токон Шайлиева сөз алса, оператор өзүн эмес, башкаларды тартып атыптыр. Күтөт, күтөт, жок, оператордун Шайлиеваны тартайын деген ою да жок. Камераны трибунаны көздөй бурбайт. Депутаттар болсо ал учурда депутат айымдын сөзүнүн уландысын күтүп аткан.
«Унчукпай күткөндөн операторду өзүнө карата албашын билип «Урматтуу оператор!» дейт Шайлиева. Оператор бери карайт. Көзү камеранын күзгүсүндө турса, көзү менен кошо камерасы да трибунага тигилди да. Көөнү жайлана түшкөн айым «менин айтайын дегеним», деп сөзүн андан ары улантып кетиптир», - деп жазат гезит.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)