Баракелде - Эртең, 27-январь күнү, КР вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев иш сапары менен Баткен шаарына барат. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы маалымдады.
Баткен обладминистрациясынын маалымат кызматы билдиргендей, Ж.Оторбаев 27-январда өткөрүлүүчү Баткен обладминистрациясынын жыл башындагы коллегиясына катышат.
Маалыматка ылайык, жыйында Баткен областынын 2011-жыл боюнча социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыгы жана 2012-жылга карата аткара турган негизги милдеттер жөнүндө баяндамалар окулуп, анда негизинен төрт маселе каралат.
Область аймагындагы улуттар аралык (этникалык азчылыктар) арасында чыр-чатакты болтурбоо, алдын алуу жана чек аралаш аймактарда коомдук саясий туруктуу кармоо, Баткен облусунун аймагында жол коопсуздугу жана жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда катталган жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында жүргүзүлгөн иш-чаралар, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арадагы абалы жана чек ара тилкелеринде жарандардын өзүн-өзү алып жүрүүсү жөнүндө түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүлүшү Өзбекстандын жана башка өлкөлөрдүн аймагынан департацияга дуушар болгон кыргыз жарандарынын абалы талкууга алынат.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)