Баракелде - Эртең, 27-январда жогорку вольттогу «Рассвет» көмөкчордонунан тараган фидер-1 жана «Күн-Туу» көмөкчордонунан тараган фидер-7 чыккан 10 кВ аба электр берүү чубалгысында оңдоо иштери жүрөт. Андыктан эртең мененки саат 9.00дөн кечки саат 17.00гө чейин Сокулук районуна караштуу Ново-Павловка айылынын бир бөлүгүндө, «Ала-Тоо» конушунда, Военно-Антоновка айылынын Пограничная, Советская көчөлөрүндө жашаган электр кардарлардын электр энергиясы өчөт. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ААКсынын басма сөз кызматы билдирет.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)