Баракелде - Үстүбүздөгү жылдын 24-январында Баткен областтык мамлекеттик администрациясында Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы маалымдады.
Баткен обладминистрациясынын маалымат кызматы билдиргендей, кеңешмеге Баткен обладминистрациясынын башчысынын орун басары Саитжан Эратов төрагалык кылды.
Кеңешмеге облустук күч түзүмдөрүнүн жана тиешелүү тармактын жетекчилери катышып, 2012-жылдын иш-чараларынын планы бекитилип, кийинки кеңешменин көчмө жыйыны Лейлек районунун Андарак айылында өткөрүү пландаштырылды.
Жыйында область аймагындагы улуттар аралык (этникалык азчылыктар) арасында чыр-чатакты болтурбоо, алдын алуу жана чек аралаш аймактарда коомдук саясий туруктуу кармоо, Баткен облусунун аймагында жол коопсуздугу жана жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда катталган жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында жүргүзүлгөн иш-чаралар талкууга алынды.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)