Баракелде - Ысык-Көл облусунун администрация башчысы-губернатордун орун басары Нурбубу Кененбаева социалдык тармак боюнча жыл жыйынтыгын жана 2012-жылга коюлган олуттуу маселелер боюнча атайын жыйын өткөздү. Бул тууралуу Ысык-Көл облмамадминистрациясынын басма сөз кызматы билдирет.
Аталган жыйынга райондук администрация башчыларынын орун басарлары жана вице-мэрлер катышышты.
Губернатордун орун басары Нурбубу Кененбаева өткөн жылда социалдык тармак боюнча бир топ иштери аткарылганын баса белгилөө менен катар эле кээ бир кемчиликтерди да айтты. Мектептердеги рэкетти болтурбоого чара колдонуу, социалдык жугуштуу ооруулар жана гендер, мамлекеттик тил маселелери боюнча акимдердин орун басарларына бир тапшырмаларды тапшырды.
Ошондой эле 2012-жылда өнүктүрүү фонду тарабынан каржылана турган социалдык объектилер боюнча маалымат берип, ар бир район өз жеринде социалдык тармакка олуттуу көңүл бурууларын талап кылаарын белгилеп өттү.
Мындан тышкары жарандардын арыз менен кайрылууларын, мүдөө-талаптарын угуу менен жеринде негиздүү чечип берүүлөрүн милдеттендирди.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)