Баракелде - Бүгүн, 26-январь күнү Жалал-Абад шаарындагы «Ч.Айтматов» аймактык башкаруусунда жергиликтүү тургундар, кварталдык комитеттин төрагалары, аксакалдар соту жана мүчөлөрү, аялдар кеңеши, жаштар уюму жана участкалык тескөөчүлөр болуп, жалпысынан 90го жакын адамдардын катышуусунда чогулуш болуп өттү.
Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, чогулушта шаардын борборунда жайгашкан Барпы театрынын алдындагы аянтты реконструкциялоо боюнча жана Ленин-Н.Айтматова жана Ленин-Чехов көчөлөрүнө асма көпүрө куруу маселеси каралды.
«Күн тартибиндеги маселелер мурдатан бери көтөрүлүп келген, себеби тургундар эс алуучу жерлерге муктаж. Шаарда азыркы күндө эки эс алуу багы иштеп жатат, алар да талапка жооп бербейт», - деп билдирет аймактык башкаруунун башчысы Максат Жусупбеков.
Ошондой эле жалпы тургундардын айтымында, Барпы театрынын алдындагы аянтты заманбап кылып оңдоп, «Эл достугу» деген маданий эс алуу багына айландырып, ар кандай долбоорлордун негизинде иштесе жакшы болот.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)