Баракелде - Жалал-Абад облусунун тоо-кен өнөр жай тармагында өткөн жылы бир топ ийгиликтер болду. «Макмалалтын» комбинаты тарабынан алтын өндүрүүдө өсүш 151%ды түздү. Ал эми «Терек-Сай» кен иштетүү филиалы өткөн жылы ишин кайра жандандырып, өндүрүштүн өсүшү 6,5 эсеге жогорулады. Бул тууралуу аймактык кабарчы Анархан Жаңыбаева билдирет.
Облус губернаторунун биринчи орун басары Жумагүл Эгембердиеванын жыл жыйынтыгын чыгырган коллегияда берген маалыматына караганда, облуста нефть жана газ казып алууда «Кыргызнефтегаз» ААКда жаңы бургулоочу жабдуунун ишке берилиши менен Майлуу-Суу-4 кенинде 2108 м тереңдиктен суткасына 80-100 тоннага чейин нефть алууга жетишип, жыл ичинде 75 миң тонна казылып алынды.
Алтын казган ишканалардын саны жылдын-жылга көбөйүүдө. Ала-Бука районундагы «Иштамберди» кенинде «Фулд Гол Майнинг» ЖЧКу тарабынан жаңы алтын ылгалоочу фабрикасы курулуп бүтүп, ишке берилди.
«2011-жылдын жыйынтыгында аталган жетишкендиктер менен катар кемчилдиктерге да жол берилди. Жалал-Абад шаарында 25 негизги өнөр жай ишканадан 2011-жылы 4 ишкана жыл башынан бери токтоп турса, 8 негизги ишкана өткөн жылга карата өсүү темпин камсыз кылган жок. Алар «Кыргыз Петролеум компани», «Дан-Юг» ЖЧК, «Жалал-Абад нефть кайра иштетүүчү зоводу» жана башка ишканалар. Ушундай эле көрүнүш жеке ишкерлердин иштеринде да байкалды», - деди Ж.Эгембердиева.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)