Баракелде - Жалал-Абад облусунун Ноокат районунун тургуну Насыржан Жантайлаков 6 жашында ачык калган трансформаторго кирип кетип, эки колунан тең айрылган, деп жазат «Учур» гезити 26-январда чыккан санында.
«Электр бөлүштүрүү компаниясынын кызматкерлеринин кайдыгерлигинен келип чыккан кырсык, аны мүңкүрөтпөстөн, тескерисинче чыйралткан. Бүгүнкү күнү, бой тартып калган жигит оозу менен жазып, колу жогуна карабастан, бардык нерсени аткара алат», - деп жазат гезит.
Н.Жантайлаковдун өзүнүн айтымында, мектепте окуп жүргөндө диктант, сочинениени оозу менен жазчу. Азыр да документтерди ошентип жазат.
«Окуп жүргөндө мектепте компьютер жок болгондуктан, бош убактымда үйдөгү компьютерден ар бир папкаларды ачып, чукулап атып үйрөнүп алгам», - дейт Н.Жантайлаков.
Гезитте жазылгандай, Насыржандын апасы информатика сабагы боюнча мугалим. Ошондуктан, компьютердин ички түзүлүшү боюнча толук маалымат алуу ага оордук деле жараткан эмес.
«Насыржан компьютерди колдонгонду гана кыйын өздөштүрбөстөн аны оңдогонду да ийне-жибине чейин билип алган. Азыр ал Ноокен айылдык округунда компьютер оңдоочу жай ачып алган. Чакан кеңсесинде күндө кардардын саны үзүлбөйт», - деп жазат гезит.














Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (4)