Баракелде - 26-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен эл өкүлү Дастан Бекешов Борбордук Азия эл аралык университетинин студенттери менен жолугушуп, пикир алышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.
«Жаштар – Кыргызстандын келечеги, улуу муун кызматтан кеткенден кийин, алардын ордун силердей жаштар басат, андыктан силер билимдүү, маданияттуу болушуңар керек», - деди төрага өз сөзүндө.
Жолугушуу жүрүшүндө Апрель революциясынын жетишкендиктери боюнча сөз болду.
Асылбек Жээнбеков студенттер менен баарлашып жатып, Апрель революциясынын жетишкендиктерин сактап, Кыргызстанда парламенттик демократиянын түбөлүктүү калыптанышына жетишүү үчүн жалпы коомчулуктун, анын ичинде жаштардын колдоосу зарыл экендигин баса белгиледи.
Андан соң Жогорку Кеңеш төрагасы студенттер менен эстелик үчүн сүрөткө түштү.
















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (4)