Баракелде - Кечээ, 26-январда премьер-министр Өмүрбек Бабанов күч органдарынын жетекчилери жана саламаттыкты сактоо министринин катышуусу менен акыркы убакта жаза өтөөчү жайларда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу жыйын өткөрдү.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Шейшенбек Байзаков өкмөт башчысына жаза өтөөчү жайлардагы акыркы кырдаалга байланыштуу толук маалымат берди.
Ал эми саламаттык сактоо министри Динара Сагимбаева жаза өтөөчү жайлардын өздөрүнүн медициналык пункттары бар экендигине карабастан, камакта отургандарга медициналык жардам керек болсо, тез жардам бригадасы жардам көрсөтүүго даяр экендигин белгиледи.
Жыйындын соңунда Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына жаза өтөө тармагындагы кырдаалды иликтөө үчүн биргелешкен ыкчам-иликтөө тобун түзүүнү тапшырды.
Ошондой эле Премьер-министр күч органдарынын жетекчилерине тез арада пенитенциардык системада стабилдүүлүктү орнотууну тапшырды.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)