Баракелде - Баткен областтык Ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылы коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Н.Калмурзаев билдиргендей, 2011-жылы кызматкерлер тарабынан 28 миң 212 жол эрежелерин бузган айдоочулар кармалды.
«Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы маалымдагандай,
ал эми мас абалда автоунаа башкарган 1115 жаран кармалган. Бул көрсөткүч 2010-жылга салыштырмалуу 0,7%га көбөйгөн жана мас абалда автоунаа башкаргандардын саны да жылдагыдан 5,3%га көбөйдү.
Н.Калмурзаевдин айтымында, жыл ичинде 75 айдоочу айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылып, 4 айдоочу административдик камакка алынган.
«Ошондой эле облус боюнча 2011-жылы 190 жол кырсыгы катталган. Ал эми каза болгон жарандардын саны 41, денесинен оор жаракат алгандардын саны 280ди түзөт. Жаш өспүрүмдөрдүн арасында 39 жол кырсыгы катталып, каза болгондордун саны 6 кишини түзгөн. Ошондой эле денесинен жаракат алгандардын саны 40», - дейт бөлүм башчы.
Ал жалпы 145 кылмыш ишинин бети ачылгандыгын айтты.
Эскерте кетсек, башкармалыкта бардыгы болуп 41, анын ичинде 29 кызматкер район, шаардык бөлүмчөлөрдө эмгектенет.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)