Баракелде - Талас облусунда өткөн 2011-жылы укук коргоо органдары тарабынан экономикалык, терроризм, диний экстремизм, уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бир топ иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу обладминистрация басма сөз катчысы Мухамеджан Суранчиев билдирди.
Талас облустук мамлекеттик администрациясынын коргонуу жана укук коргоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, 2011-жылы облус боюнча 862 кылмыш иши катталса, анын ичинен 778 ишке тергөө амалдары жүргүзүлүп, 700 кылмыштын бети ачылган, ачылган кылмыш иштери 90%ды түздү. 2010-жылга салыштырмалуу кылмыштын бетин ачуу 4,7%га жогорулаган.
Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү багытында 2011-жылы облустун аймагында 27 кылмыш иши аныкталган. Жыл башынан бери алдамчылык боюнча - 4 факты, опузалап талап кылуу боюнча - 4 факты, кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу боюнча - 3 факты, баардыгы болуп 13 коррупция багытындагы кылмыштар аныкталган.
Бул багыт боюнча мамлекетке 3млн 547,6 миң сомдук материалдык чыгым келтирилип, анын ичинен 3 млн 544,5 миң сому мамлекетке өндүрүлгөн.
Эң эле көйгөйлүү маселердин бири болуп мал уурулук эсептелет. Бул багытта 2010-жылы 63 фактысы катталса, 2011-жылы 103 кылмыш иши катталган, же 40 кылмышка көп катталган, катталган 103 мал уурулук фактысынын 86сынын бети ачылып, кылмыштын бетинин ачылышы 83,5%ды түздү.
Облустун аймагында мал уурулук фактыларынын алдын алуу боюнча 2011-жылдын ичинде эле «Скотокрад», «Касапчы» аттуу 5 оперативдик рейддер жүргүзүлүп, 57 кылмыштын бети ачылып, 30 издөөдө жүргөн кылмышкерлердин жүргөн жери аныкталып кармалган. Мындан тышкары 2011-жылы мал уурулукка тиешеси бар болгон 36 адамды түзгөн 14 кылмышкер тобу кармалган.
Мал уурулук фактылары боюнча келтирилген материалдык чыгым 8 млн 140 миң сомду түзүп, анын ичинен ээлерине 3 млн 545 миң сому кайтарылды.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)