Баракелде - Өткөн жылы терроризмге, диниий экстремизге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү багытында Талас ОИИ башкармалыгында «Хизб ут-Тахрир аль Ислами» диний экстремисттик уюмунун 25 мүчөсү катталган.(2010-жылы ушул мезгилде 13 мүчөсү катталган).
Обладминистрация басма сөз кызматы билдиргендей, жыл башынан бери терроризмге жана диниий экстремизге карата күчөтүлгөн иштер жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, «Хизб ут-Тахрир аль Ислами» диний экстремисттик уюмунун 10 мүчөсү кармалып, алардан ар түрдүү диний экстремисттик мазмундагы 337 даана китептери, баракчалары жана ДВД, СД дисктер табылып алынган. Жогоруда көрсөтүлгөн 10 фактынын 8и боюнча кылмыш иштери козголуп, сотко жөнөтүлгөн.
Банги бизнеске каршы күрөшүү багытында жыл башынан бери облустун укук коргоо органдары тарабынан «Притон», «Каракуурай», «Переброс», «Допинг» жана «Транзит» аттуу 13 оперативдик профилактикалык рейддер жүргүзүлгөн.
2011-жылы банги бизнес багытында 77 кылмыш иши катталып, бардыгы болуп 236,2 кг банги заты алынган же 2010-жылга салыштырмалуу 378,4 кг банги заты аз алынган.
Банги зат боюнча кылмыштын аз катталганын себеби облус боюнча банги затын камтыган өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн алдын алуу, талаада өскөн жапайы кара куурайларды жок кылуу боюнча бир топ алгылыктуу иштерди жүргүзүүнүн натыйжасы болду.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)