Баракелде - Жалал-Абад облусунда өткөн жылы өнөр жай тармагына чет элдик инвестицияларды жана түз инвестицияларды тартуу аркылуу алдыңкы технологиялык жабдыктар менен жабдылган, жаңы өндүрүштүк ишканаларды куруу, өндүрүштү реконструкциялоо, модернизациялоо иштерин колго алуу максаттуу болду, дейт облус губернаторунун биринчи орун басары Жумагүл Эгембердиева. Бул тууралуу аймактык кабарчы Анархан Жаңыбаева билдирди.
Анын айтымында, бул багытта 2011-жылдын 28-июлунда «Датка» 500 киловольттук электр подстанциясынын курулушу башталды. Жалпы долбоордун суммасы 208 млн АКШ долларын түзөт. Аталган долбоордо 220 кВ Кристалл, Октябрьский, Узловая, Алай көмөк чордондор реконструкцияланып, Курп-Сай ГЭСинде релелик коргонуу жана автоматташтыруу системалары жаңыланат.
«Бул долбоордун ишке ашырылышы менен Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында электроэнергия берүү маселесинде энергетикалык көз карандылык маселеси чечилет», - деди Ж.Эгембердиева.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)