Баракелде - Таластык дыйкандар өткөн 2011-жылы картошканы 15673 гектарга айдап, 263 миң 328,1 тонна картошканын дүң жыйымын алышкан, деп билдирди обладминистрация басма сөз катчысы Мухамеджан Суранчиев.
Анын берген маалыматына караганда, жылда облустун фермерлери, айрыкча жогорку зонанын дыйкандары экологиялык таза, көзгө толумдуу картошканы өндүрүп, аны коңшу казактарга сатып, бир топ эле жакшы киреше алышчу. Тилекке каршы быйыл картошканын баасынын кескин түрдө түшүп кеткендигине байланыштуу, дыйкандар чыгашага учурап жатат.
Учурда Таластын базарларында картошканы дүң соода баасы килограммына болгону 5-6 сом. Анткени, Казахстан, Россия жана Белоруссия бир бажы биримдигине киргенден баштап, таластык дыйкан-фермерлер өндүргөн продукциясын коңшулаш Жамбыл жана Чымгент облустарына чыгара албай калышты.
Ушуга байланыштуу облустун дыйкандарына өндүргөн айыл чарба продукцияларын ортомчусуз сатууга шарт түзүп берүү максатында акыркы эки жылда Талас шаарында ар жуманын ишемби, жекшемби күндөрүндө айыл чарба продукцияларын сатуу боюнча ярмаркаларды өткөрүү практикаланып келүүдө. Анын уландысы катары, Талас шаарынын мэри менен бирдикте, такай иштеп туруучу «Дыйкан базарын» ушул жылдын күзгү түшүмүнө чейин ачуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (2)