Баракелде - Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясы аркылуу өткөн жылы Жалал-Абад шаарында 1 даана 60 батирлүү беш кабаттуу, Базар-Коргон айылында 2 даана 8 жана 16 батирлүү турак жайлардын курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген.
Облус губернаторунун биринчи орун басары Жумагүл Эгембердиеванын аймактык кабарчы Анархан Жаңыбаевага берген маалыматына караганда, жакында Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районунда 40 батирлүү, Курманбек көчөсүндө 60 батирлүү турак-жайлардын курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берүү боюнча иш аракеттери жүргүзүлүп жатат.
«Ал эми Сузак районунун Ленин айылдык округунда сметалык баасы 58 млн сомду түзгөн көпүрөнүн курулуш иштери бүткөрүлүп, жергиликтүү элдин суроо талабы менен транспорттук каттамга уруксат берилди. Ошондой эле «Бишкек-Ош» автожолунун «Топурак-Бел» участкасына 2010-жылдагы окуяларда курман болгондорго арналган «Эстелик-монументтин» курулушу бүткөрүлдү», - деди Ж.Эгембердиева.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)