Баракелде - Жалал-Абад облусу боюнча 2012-жылдын түшүмү үчүн күздүк кылкандуу дан эгиндеринин тапшырмасы 42,3 миң гектар белгиленген болсо, андан 9058 га араң эгилген. Бул туурасында облус губернаторунун биринчи орун басары Жумагүл Эгембердиева билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы Анархан Жаңыбаева.
Орун басардын айтымына караганда, райондор боюнча ала турган болсо, Базар-Коргон району 11,3%, Ноокен району 13,6%, Ала-Бука району 18,1%га аткарышкан.
«Бүгүнкү күндө ушундай начар абал райондордо тоңдурма айдоодо да жол берилүүдө. Айрыкча Ноокен, Базар-Коргон райондорунда тоңдурма айдоо иштери канаттандырарлык эмес», - деди Ж.Эгембердиева.
Мисалы облус боюнча үстүбүздөгү жылдын 16-январына карата 12 миң 15 га же 23,6% жер айдалган. Ал эми Базар-Коргон районунда 22,5%, Ноокен районунда 13,5%га гана тоңдурма иштери аткарылды.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)