Баракелде - Бүгүн, 27-январь күнү Баткен областтык администрациясынын имаратынын алдына губернатор Арзыбек Буркановду колдоо максатында жана мындан 1 жума мурда Андарак окуясы боюнча өкмөткө койгон талаптарынын аткарылбагандыгы үчүн нааразычылык билдирип чогулган жарандардын саны 500гө жетти. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы маалымдады.
Алар обладминистрацияда жыйын өткөрүп жаткан вице-премьер-министр Ж.Оторбаевдин сыртка чыгып элдин нааразычылыгын угуусун талап кылышты.
Учурда Ж.Оторбаев алар менен жолугууга чыкты. Чогулган эл Ж.Оторбаевге Арзыбек Буркановду кайра кызмат ордунда калтырууну талабын коюп, бул боюнча азыр жообун айтууну талап кылып жатышат.
Чогулгандар Андарак окуясы боюнча кайрадан комиссия түзүүнү талабын да коюп жатышат. Ж.Оторбаев алардын койгон талаптарын өкмөткө жеткирүү тууралуу пикирин билдирди.
Чогулган эл Андарак окуясы боюнча А.Буркановду күнөөлөө негизсиз экендигин айтып, «А.Бурканов өз убагында кырдаалды стабилдештире алды. Облус жана райондук бийлик жетекчилери тарабынан жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Андаракта бүгүн абал тынч», - дешти Андарак айылынан нааразычылык акциясына келген тажик улутунун өкүлдөрү.














Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (1)