Баракелде - Жалал-Абад облусундагы токой чарбаларында өткөн жылы 5,8 млн даана көчөт өстүрүлүп, 560 га жерге ар түрдүү дарактардын көчөттөрү эгилген. Бул туурасында облус губернаторунун биринчи орун басары Жумагүл Эгембердиева билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы Анархан Жаңыбаева.
Ж.Эгембердиеванын айтымына караганда, өткөн жыл ичинде питомниктерден 209,6 миң даана ар түрдүү ассортименттеги көчөттөр казылып алынып, токой эгүү, толуктоо жана жашылдандыруу жумуштарына жумшалган. Ошону менен бирге эле 2011-жылы жаратылыш мыйзамдары бузулгандыгы жөнүндө 3983,1 миң сомдук 471 протокол түзүлгөн жана 1070 жеке жана юридикалык жарандарга 422,8 миң сомдук административдик айыптар салынган.
«Ал эми 2011-жылы «Орток», «Арстанбап-Ата» токой чарбаларында, үрүмбаш токойчулугунда жаңгак уюлу мыйзамсыз кесилип, мамлекетке 64 миң 800 сомдук зыян келтирилген. Мындан башка отун, курулуш материалдары үчүн токойлордун кыялуусу уланып келүүдө», - дейт Ж.Эгембердиева.














Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (1)