Баракелде - Кечээ, 26-январда Жогорку сотто «Алпа» ЖЧКнын 98 млн 470 миң 528 сом өлчөмүндөгү кошумча эсептелинген салыктарды жараксыз деп табуу туурасындагы арызын кароо боюнча соттук отурум болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган кызмат тарабынан «Алпа» ЖЧКга 98 млн 470 миң 528 сом өлчөмүндөгү кошумча салык эсептелингендиги соттук иликтөөлөрдүн негизи болду.
Салыктарды кошумча эсептөөгө «Алпа» ЖЧКга карата МСКнын пландан тышкаркы көчмө текшерүү жүргүзүүсүндө товарды сатууда анын чыгуу баасын (тооктун сан эти) атайын төмөндөткөндүгү аныкталган.
Тооктун сан эти базар баасы боюнча бир киллограммы 83,33 сомдон сатылган, ошону менен бирге «Алпа» ЖЧКнын салык отчетунда сатуу бир киллограммы 25,5 сомдон 30 сомго чейин деп көрсөтүлгөн. Табылган айырма салык төлөөчү тарабынан жашырылган, андыктан бул салыктарды кошумча эсептөөгө шарт түздү, деп билдирет басма сөз кызматы.
Жогорку соттун экономикалык иштер боюнча коллегиясынын кароосунун жыйынтыгы боюнча «Алпа» ЖЧКнын арызын канааттандырууну кабыл албоо тууралуу токтом кабыл алынды. Андыктан кошумча эсептелинген салыктар сот тарабынан жөндүү деп табылды.
Белгилүү болгондой, Жогорку соттун соттук актылары тез арада күчүнө кирет жана даттанууга жатпайт. Жогоруда баяндалгандардан тышкары МСК тарабынан Каржы полициясына салыктарды жашыргандыгы үчүн «Алпа» ЖЧКнын жооптуу адамдарын жоопкерчиликке тартуу тууралуу кат жөнөтүлдү.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)