Баракелде - Жалал-Абад облусунда туризмди өнүктүрүү үчүн табигый жакшы шарттар бар. Өткөн жыл ичинде облуска келген туристтердин жалпы саны 51 миң 71 адамды түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 120,9% көп болгон.
Облус губернаторунун биринчи орун басары Жумагүл Эгембердиеванын кабарчы Анархан Жаңыбаевага берген маалыматына караганда, облус аймагына келген туристтердин эсебинен бюджетке чегерилген сумманын көлөмү 11,6 млн сомду болгон. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 161,2%ды түздү.
«Ал эми 2011-жыл ичинде туризм тармагын өнүктүрүү максатында ички жана сырткы инвестициялардын негизинен туристтик объектилерди реконструкциялоо жана жаңы туристтик объектилерди куруу максатында жалпысынан 15,6 млн сомдук каражат жумшалган», - дейт Ж.Эгембердиева.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)