Баракелде - Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы 27-январдагы жыйынында таза суу маселенин талкуулады.
Айыл жергесин суу менен камсыз кылуу департаменттин директору Аскар Токтошевдин айтымында, бардыгы болуп департаментке таза суу маселеси боюнча жарандардан 622 кат келип түшкөн. Кыргыз өкмөтү 2000-жылы Азия өнүгүү банкы (АӨБ) жана Дүйнөлүк банк менен 69,5 млн долларга келишим түзүлгөн. 2000-2008-жылдарга чейин долбоор боюнча таза сууга муктаж 1792 айылдан 524 айылга суу берилип, 2 млрд 477 млн сом акча сарпталган. АӨБ жана Дүйнөлүк банк менен түзүлгөн келишимдин негизинде 47,5 млн доллар суммасында экинчи траншты алуу каралган, бирок алардын 30 млн доллары дайынсыз болууда. Азыр 10 млн долларды алуу сөз болууда, деди ал.
«Суунун запасы боюнча Кыргызстан алдынкы орундарда. Бирок айыл жергесинде таза суу менен камсыз болуу 30%га гана жүргүзүлүп, айылдардын 70%ы камсыз болбой жатат. Ошондуктан, Каржы полициясына таза сууну камсыз кылуучу бардык уюмдарды таза суу долбоорлору боюнча алынган каражаттары боюнча текшерүү жүргүзүүнү сунуштайм», - деди депутат Заирбек Жоошбеков.
Ал эми депутат Алла Измалкова таза суу маселесинин чыгып жатышы акчалардын туура эмес бөлүштүрүлүшү жана туура эмес менеджменттин болушу менен келип чыгууда деди.
«Кыргызстан суунун башында туруп, таза суу иче албайт, эгиндерди сугара албайт. Таза суу маселеси боюнча келип жаткан акчалар коррупциянын жол менен жоголуп, коррупциялык системалар жаралып жатат. Ошондуктан, тез аранын ичинде таза суу менен камсыз кылуу боюнча мыйзамдардын пакетин кабыл алып, бул маселени чечип беришибиз керек», - деди депутатЭгемберди Эрматов.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)