
Баракелде - Мурдагы «шефине» карата кылмыш ишин козгоо демилгесин учурда башкы прокурордун биринчи орун басары Рыскул Бактыбаев көтөрүп жатат, деп жазат «Vesti.kg» cайты.
Анда айтылгандай, мурдагы президенттикке талапкер болгон, өз учурунда башкы прокурор болуп иштеп калган Кубатбек Байболов кызматтык кылмыштарды кылган үчүн күнөөлөнүп жатат. Ага карата өткөн жылдын соңунда эле Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Аталган ведомствонун экс-прокурору Байболов башкы прокурор болуп иштеп жүргөн кезинде мыйзамсыз түрдө бир тараптын мүлкүнө болгон арестти алып салууга буйрук берген. Биз бул боюнча Башкы прокуратурга кайрылганыбызда, азырынча бул иш каралып жаткандыгын айтып, маалымат берүүдөн баш тартышты, деп жазылган булакта.
Белгилүү болгондой, К.Байболов учурда АКШга чыгып кеткен.
















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (7)