Баракелде - Бүгүн, 27-январда борбордогу №1 тергөө абагында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Ш.Байзаковдун буйругу менен пландык текшерүү болду.
Текшерүүгө Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү, тергөөчүлөр, Жаза аткаруу кызматынын жана №1 тергөө абагынын кызматкерлери катышты.
Текшерүү учурунда бүгүн, 27-январдын эртең мененки саат 9.00га карата оозун тигип алган 377 камактагылардан 209у калганы айтылды. Калгандары ооздорун ачышкан.
«Оозун тиккендер кечээкиге караганда бир топ эле азайды. Кечке чейин дагы азаят. Менин оюмча, бүгүн кечке чейин оозун тиккендер толугу менен ачышат, же көп болсо 50дөйү эле калат», - деди аталган тергөө абагынын жетекчиси М.Жусупбеков.

















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (2)