
Баракелде - «Агым» гезитинин 27-январда чыккан санында жазылгандай, кыргызда ар бир уулду тектүү же тексиз деп бөлгөн жазылбаган мыйзам бар. Эзелтен эле санжырачылар эл башчылардын ата-жотосун тактап, түп-тамырын изилдеп келишкен. Жазуучу Акбаралы Мусабеков өзүнүн жакында жарык көргөн «Кылым ээрчиткен күрөш» аттуу тарыхый романында бүгүнкү мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин тек жайын изилдеп чыккан.
Аталган китепте кезинде кыргыздын жакшы чыкмасы катары Кокон хандыгына кызмат кылган Туматай паңсат Алмазбек Атамбаевдин кубары экени айтылат. Ал 1820-1840-жылдар аралыгында Мадали хандын колунда кызмат кылган. Кезинде Кокон хандыгы менен Теңир-Тоодо Үч-Куртка чебине жакын жерде базар ачып, тоолук кыргыздарды соода ишине алгачкылардан болуп аралаштырган Туматай паңсат болгон экен. Андан тышкары, мечит салдырып теңир-тоолуктардын балдарынын сабатын ачкан дешет. Ал эмгеги учурунда хан тарабынан жогору бааланып, Кокон хандыгында ал тууралуу «Кутуй бий уулу Туматай палван Кокон дөөлөтүнө бир канча жылдан бери ак кызмат кылгандыгын, хандыктын кызыкчылыгын коргоодо өмүрүнө коркунуч келгенине карабай, Дөөлөт ээсинин тапшырмасын биз күткөндөн ашыкчараак ишке ашыргандыгын эске алып, жүз башылык кызматтан жогору даражалуу паңсат даражасы ыйгарылсын жана Ордо жакшыларынын катарына алынсын. Андан тышкары, хандыктын кызыкчылыгын чет жерде коргогону, хандыкка өлчөөсүз пайда келтиргенин эске алуу менен жылына миң теңге төлөнүп туруу белгиленсин» деген жарлык чыккан.
Ал эми Алмаз Шаршеновичтин бабасы Нооруз бий Туматай паңсаттын кенже уулу Тиллабектин уулу деп айтылат. Ал атасы Тиллабек сыяктуу сабаттуу, адегенде Кокондо, кийинчерээк Бухарада билим алган өз заманынын билимдүү адамы болгон экен. Тарыхый романда ал чоң атасы менен бабасынын Кокон хандыгынын пайдубалын түптөөчүлөрүнүн жана Кокон хандыгынын калыптануусуна өз салымын кошкондордун урпагы болгонуна сыймыктанып, учуру келгенде Ордодо кызмат кылам деп эңсеп чоңойгону сүрөттөлөт. Бирок, хан Кудаярдын элге кырктан ашык салыктын түрүн салганына, бардык оорчулук, карапайым калктын мойнуна жүктөлгөнүн көргөн Нооруз бий Молдо Мамыр, Мадали жүз башы, Молдо Ашыр менен биргеликте 1870-жылы элди баштап көтөрүлүшкө чыккан. Натыйжада көтөрүлүш аеосуз басылып, Сох тарабында жашаган кыргыз кыштактары дээрлик талкаланып, эли тоо таяна Зардалыдан ары көчө качууга аргасыз болгон. Колго түшкөндөрдүн арасында Молдо Мамыр менен Мадали жүз башы Кокондо дарга асылган. Молдо Ашыр Кара-Тегинге качса, Нооруз бий Жети-Шаар хандыгына элүү жигити менен өтүп кетет.
Ошондон кийин Нооруз бийдин иши оңолбой, качып-бозуп жүрүп 1873-жылы Эки-Суу ортосунда Мамырбек Мергенбай уулунун жетекчилиги астында ханга каршы көтөрүлүш башталганын угуп, Жети-Шаар ханы Жакыпбек хандын уруксаты менен Ферганага кайтып келген. Бирок ал жетип келгенче көтөрүлүш басылып, Мамырбек баатырдын өзү белгисиз тарапка качып кеткенден кийин Нооруз бий Кудаярдын колуна түшүп калуудан чочулап кайрадан Сары-Колго өтүп кеткен.
Кыргыздар 1875-жылы 27-сентябрда жалаң саяк уруусунун эли жашаган Ботокара менен Атакара кыштагында Исхак Асан уулун Полот хан деген ат менен экинчи жолу көтөрүшөт. Мына ушул хан көтөрүү салтанатына Нооруз бий катышуу менен хандын эң ишенимдүү адамдарынын бирине айланат. Бирок Кудаяр ханга каршы күрөш орус оторчуларына каршы бурулуп, ал кармаш көтөрүлүшчүлөрдүн жеңилүүсү менен аяктап, 1876-жылдын 19-февралында Полот хан колго түшүп, ошол эле жылдын 1-мартында Маргалаң шаарында дарга асылган. Кийин Нооруз бий Полот хандын жакын адамдарынын бири катары орустар тарабынан изделе баштаганда, ал Алымбек датканын уулу Абдылдабекке кошулуп кетет.
Андан кийин ошол жылдын 25-апрелинде Алайдын Жаңырык капчыгайындагы Скобелев жөнөткөн жазалоочу отряд менен кармашып, начар куралданган көтөрүлүшчүлөр жеңилип, Абдылдабек менен бирге Сары-Колго, андан ары Ооган жерине качып барган. Кашайып Абдылдабек оорудан каза болгондон кийин Нооруз бий Фергана өрөөнүнө баруудан чочулап, Жети-Шаар хандыгына өтүүгө аракет кылган. Жакыпбек хан качкындарды калкалап өз бооруна тартып жатат деп орустардын кине коюшунан коркуп Нооруз бийди өткөрбөй койгондон кийин, ал Алайкууда бир кыш жашап, эрте баардан Тогуз-Торо тарапка өтүп кеткен. Ал жерден Жакыпбек хандын уу ичип өлгөнүн угуп, мени өзүнө чакырып алат деген үмүтү үзүлүп, 1878-жылы Чүйгө өтүүгө аргасыз болот. Себеби Шабдан баатырдын бир тууган иниси Абдырахман, жакын жигити Байаке жана башка жигиттерин жакындан таанып калганы үчүн ошолордун жанына—Чүйгө барып баш калкалоону ылайык көргөн. Натыйжада Шабдан баатыр баш болгон эски тааныштары Нооруз бийди жакшы кабыл алып, Чүйдө туруп калышына шарт түзүп жер бөлүп беришкен. Ошол бойдон А.Атамбаевдин түбү баткендик, ата-бабасы Чүйдүн Арашанында отурукташып калган. Бул тууралуу өзүнүн да айтканы бар.
Албетте мындагы маалыматтар канчалык деңгээлде анык экенине биз кепилдик бере албайбыз. Тек гана кээ бир учурда ата-бабасы көчмөн болгон кыргыздардын отурукташканына 100 жыл болуп-болбой атып, бүгүнкү саясый аренада президент тыяктан болуш керек, быяктан болуш керек деп кокту-колотко бөлүнгөнүнө күлкүң келет. Кезинде көчмөн кыргыздын үйү керек болсо бүтүндөй Орто Азия, жолу чартарап, жолдошу шамал болгону жалганбы? Ал ортодо эсеби жок чабыштардан куулуп, сүрүлгөндөр көп болгону, алар кай жерге отурукташса ошол элге сиңип кеткени айныгыс чындык.
















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (12)