Баракелде - Баткен обладминистрациясынын маалымат кызматы билдиргендей, губернатор Арзыбек Бурканов өкмөт тарабынан Андарак окуясы боюнча өз убагында чара көргөн эмес деп айып коюлгандыгына байланыштуу, мындан бир жума мурда кызматынан бошотуу боюнча арызын жазган.
«Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы маалымдагандай, А.Бурканов арызын жазган, бирок, өкмөт тарабынан эч кандай чечим кабыл алына элек.
Учурда А.Буркановду кызмат ордунда калтыруу талабы менен чогулган эл К.Оторбаевди Андарак эли менен жолугушууну талап кылып жатат.
Митингчилер «Эгерде Андарак эли А.Буркановду чыр-чатакты өз убагында стабилдештире албады деген пикирлерин айтса анда, биз азыркы коюп жаткан талабыбыздан артка кайтабыз», - деп жатышат.














Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (1)