Баракелде - Биртоп депутаттар жума сайын кезектешип көкбөрү тартууну салтка айлантышкан.
«Агым» гезитинин 27-январда чыккан санында жазылгандай, өткөн жумада вице-спикер Бакыт Төрөбаев «мен» деген саясатчылардын башын кошуп улак тарттырды. Мурдагы башпрокурор Элмурза Сатыбалдиев баш байгени алып, аксакал Эргеш Төрөбаевдин «Элмурза уулум, бар бол, биз сени менен сыймыктанабыз» деген алкоосуна татыды.
Анан шаарга келишкенде «ата журтчу» Акматбек Келдибеков эмнеге сен баш байгени алышың керек, калыстык болбой калды таризинде Элмурза мырзага тийишип кирбейби. Ошондо экс-башпрокурор экс-төраганы кокодон муунта кармап, аз жерден төпөштөп койо жаздады дешет.















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (2)