Баракелде - Кечээ, 26-январда биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевдин төрагалыгы алдында Кыргызстандагы мамлекеттик башкаруу системасын оптимизациялоо боюнча комиссиянын отуруму болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Отурум учурунда экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев жетектеген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарынын ортосундагы функцияларды чектөө жана деталдаштыруу, ошондой эле алардын штаттык санын кыскартуу боюнча жумушчу топтун ишинин жыйынтыктары, ошондой эле реформа жана маморгандардын штатын кыскартууга байланыштуу административдик имараттарды жана кызматтык унааларды бошотуу боюнча сунуштары каралды.
Реформа жүргүзүүнүн алкагында Комиссиянын кароосуна төмөнкү 11 административдик ведомстволор боюнча сунуштар берилди: Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, Мамлекеттик материалдык резервдер боюнча фонду, Социалдык фонд, Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту, Каржы рыногуна көзөмөл кылуу жана тескөө мамлекеттик кызматы, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, Мамлекеттик байланыш агенттиги, Каржылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, Интеллектуалдык жеке менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы, Жогорку аттестациялык комиссия боюнча сунуш берилди.
Мамлекетик органдардын штаттык саны орточо эсеп менен 20%га кыскарды, бошогон имараттардын аянты 1500 кв метрди түзөт, 700 унаа кыскарат.
Комиссиянын иши мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу багытында жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын алкагында аткарылууда.
Аткаруу бийлигинин органдарынын ортосундагы функцияларды чектөө жана деталдаштыруу, ошондой эле алардын штаттык санын кыскартуу боюнча жумушчу топтун иши уланууда, натыйжалар Мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын кароосуна киргизилмекчи.


















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (12)