Баракелде - К.Дүйшөбаев ИИМдин кишиси, УКМКнын ишин түшүнүп, түшүнбөй туруп эле, башынан өз каалаганын жасап баштады. Мындай пикирин УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов «Алиби» гезитинин 27-январда чыккан санындагы маегинде билдирген.
Анын айтымында, К.Дүйшөбаев ИИМден куулуп кеткен, пенсияга чыккан милиция досторун жана эч бир билими жок, офицердик наам жөнүндө түшүнүгү жок жаш балдарды айланасына топтоп алган. Уурулар менен дос болуп, мамлекеттик коопсуздук тууралуу бир конкреттүү иш жасаган эмес. «Ал эми аварияга келсек, ошол адамды сүзгөн унаанын ичинде Дүйшөбаевдин болгону чындык. Бул боюнча менде оперативдүү маалыматтар бар», - дейт М.Иманкулов.
Анын айтымында, К.Дүйшөбаев чыныгы офицердик жүзүн жоготуп, ушул кезге чейин бул фактыны танып келет.
«Ал офицердик кылып, эркектик кылып, «Ооба, мен ичинде болчумун, уктап кетиптирмин, айдоочум сүзүп алыптыр» деп койсо, ким аны күнөөлөмөк? Күнөө айдоочусуна жүктөлүп, мыйзам чегинде жазасын алмак», - дейт М.Иманкулов.
Ал белгилегендей, УКМКнын төрагасынын унаасы төрагасыз бир мүнөт да жүрбөйт. Демек, ал унаанын ичинде болгон.
«Анын мынчалык жаналакетке түшүп актанышына караганда, ал аварияга түздөн-түз, башкача күнөөсү болушу мүмкүн. Баары эртең эле ачыкка чыгат, ошол ишти жаап-жашырууга аракет кылган милициялар эртең эле сайрап чыгышат», - дейт М.Иманкулов.














Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (1)