Баракелде - Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Чынара Усупбаева «Агым» гезитинин 27-январда чыккан санында билдиргендей, 2008-жылдан бери жол кире кымбаттай элек.
«Негизи жол кирени жөнү жок эле кымбаттатууга мүмкүн эмес. Азыр күйүүчү майга болгон баа жогорулап жатат. Муниципалдык транспортторду шаардык бюджеттен камсыз кылууга туура келип жатат», - деди Ч.Усупбаева.
Анын айтымында, эгер жол киренин кымбаттатуу боюнча маселе көтөрүлсө, шаардык кеңештин депутаттары жана монополияга каршы комитеттин кызматкерлери менен биргеликте каралып чечилет. Элдин чөнтөгүнө күч келбегидей кылып ортодо туура чечим кабыл алынат деп ойлойбуз, дейт.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)