23 февраль 2012, 00:54
 
Каттоо


 
Согушчандардын лагеринде машыгуудан өткөн кыргызстандык жаран Мекенине кайтарылды
27 январь 2012, 15:36

Баракелде - 2012-жылдын январь айында КР УКМКсы Афганистан менен Тажикстандын укук коргоо органдары менен биргеликте иш жүргүзүп, 1985-жылы туулган А.И. аттуу Кыргызстандын жаранын мекенине кайтарышты. Бул тууралуу УКМКнын коомчулук жана ММКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалымат боюнча, А.И. аялы менен бирге 2009-жылдын сентябрында улуу агасы Анвардын чакыруусу боюнча, кийинчерээк, «Өзбекстан Ислам кыймылынын» андан аркы жардамы менен Кыргызстандан «Талибандар Кыймылынын» афган-пакистандык зонасына жөнөтүлгөн.

А.И.нин согушчандардын лагерине барышынын негизги себеби - агасы менен бирге «куралдуу джихад» өткөрүү ишмердүүлүгүнө катышууну каалагандыгы болгон.

Эки жума аралыгында физикалык жана куралдуу даярдыктан өткөн. Бирок, А.И.нин өз сөзү боюнча, согуш ишмердүүлүгүнө катышкан эмес.

Лагерде жүргөн убакта А.И. 2009-жылдын апрелинде улуу агасы Ильхомдун, ал эми 2010-жылдын 14-январында 20 согушчан менен бирге экинчи агасы Анвардын курман болгонун угат. Агалары өлгөндөн кийин ал өзүнүн жана аялынын өмүрүнөн чочулап, согушчандардын лагерин таштап кеткен.

2010-жылдын 21-январында Афганистандын укук коргоо органдары тарабынан кармалып, 1,5 жылга эркинен ажыратылган.

Көрсөтмө берип жатканда А.И. өзү кетирген катачылыкка кейип, жаш мекендештеринин террористтик уюмдардын чакыруусуна макул болуп, кайырмактарына илинбешин эскертти.

Азыркы учурда А.И.ге байланыштуу болгон материалдар УКМКнын тергөө органдары тарабынан каралып жатат. Анын афган-пакистандык зонадагы иштери тууралуу текшерүү иш-чаралары жүрүп жатат.

Twitter В контакте Мой мир facebook

Пикир калтыруу

Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгула

Сайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.

Пикир калтыруу үчүн катталуу маалыматын киргизгиле.

     
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо

Пикир (0)

 
22 февраль 2012
13:28   «Кандуу жол 2» Саясат базары (уландысы)12:39   Кылмыш дүйнөсү Ш.Байзаков жана М.Жусупбековду жок кылуу аракеттерин баштады11:29   Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолу жабык10:16   Кыргызстандын Жалал-Абад областында 3,7 баллга жеткен жер титирөө катталды09:57   Өлкөнүн аймагында түшкөн кар көчкүлөр тууралуу маалымат09:26   Ошто таксистти өлтүрүүгө катыштыгы бар үчүнчү жаран кармалды09:18   Радиоактивдүү күл Кара-Балтадагы тоо-кен иштетүүчү комбинатка жеткирилди09:17   Балыкчыда ылдамдыгы секундасына 28 метрге жеткен шамал болду09:16   Чүй облусундагы жол кырсыкта эки адам жабыркады09:07   Тоолуу унаа жолдорунда кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт
21 февраль 2012
16:11   Ноокатта 280 кожолуктун турак-жайын, 85 га айыл чарба жерин сел каптап кетүү коркунучу бар11:52   Бишкек-Ош унаа жолунун үч жеринде кар көчкүлөр түштү11:48   Башкы прокуратура «Кыргызнефтегаз» боюнча кылмыш ишин жандантты10:42   Кар көчкү түшкөн Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка жолунда кечиктирилгис чаралар көрүлүүдө09:53   Кардан улам оор абалга келген Чоң-Алай, Чаткалга мал-жандыктары үчүн тоют жеткирилүүдө09:31   Кыргызстандын унаа жолдоруна түшкөн кар көчкүлөр боюнча жалпы маалымат09:26   Шашылыш эскертүү: Тоолуу райондордо кар көчкү коркунучу жогору
20 февраль 2012
17:13   Республиканын аймагындагы кар көчкүлөр боюнча маалымат17:00   Каза болгон чек арачынын туугандары окуяны так аныктоо керектигин билдиришүүдө13:59   Бишкектеги №13 лицейдин директоруна карата кылмыш иши козголду13:00   Коррупция боюнча 57 кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды12:38   Чоң-Алай районундагы унаа жолунда 8 жерден кар көчкү түштү12:34   Базар-Коргон районунда эки жолу күчү 4-4,5 балл болгон жер титирөө катталды12:21   Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунда кар көчкү түштү, көлөмү такталууда10:52   №1 абакта өткөөл үчүн казылган жер табылды10:28   Кыргызстанда күчү 4,9 балл болгон жер титирөө катталды08:45   Кар көп жааган тоолуу райондордун мал-жандыктарын тоют менен камсыз кылуу иштери жүрүүдө08:42   Бишкек шаарында жаңы салынган 11 кабаттуу үйдүн чатыры өрттөндү08:38   Алай районунда майып адам мал-жандыгы менен сарайды өрттөп салды
18 февраль 2012
11:52   Нарын шаарында бир күндө 90дон ашуун айдоочу жол эрежесин бузаары аныкталды11:42   Свердлов районунда Куткаруу кызматы көп кабаттуу үйдүн тоңуп калган суу түтүгүн паял лампасы менен эритишти11:20   Бишкектин куткаруу кызматы өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган 22 жаштагы кызга медициналык жардам көрсөттү11:13   Нарында мыйзамсыз сакталган 24 ок атуучу куралдар алынды11:09   Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу кар күрткүсүнөн тузаланууда10:55   Ош облусунун Тоң-Мурун ашуусу катуу борондун кесепетинен убактылуу жабылды
17 февраль 2012
17:20   Айдоочу Э.Машрабовдун жакындары аны өлтүргөндөрдүн улуту ким деп сурап жатышат, - К.Асанов17:02   Катуу шамалга байланыштуу Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолу жабылды15:13   Нарында 16 жаштагы окуучу кыз зордукталды15:06   Нарын облусунда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук чоң көйгөйдү жаратууда12:58   Н.Мотуев: Куландын көмүрүн 10 жыл мурун эле алып, ар бир тоннадан 150 доллар сол чөнтөккө салышчу (фото)09:10   Жалал-Абад областынын милиция кызматкерлери 3,5 кг баңги затын кармашты09:03   Катуу бороондон жабылган Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолу бир тарапка ачылды09:00   Казакстанга жалпысынан 20 вагон радиоактивдүү көмүр жөнөтүлдү
16 февраль 2012
17:31   Түп райадминистрациясында өрт чыкты17:05   «Де-факто»: Э.Жолдошбекова: Менин Кубатым деле Садыркуловго окшоп идея үчүн өлдү (фото)13:32   Сүлүктү шаарында шахтада бир адам газга ууланып каза болду13:16   Абакта каза тапкан А.Эшбаевдин жакындары жол тосууга даяр13:15   Ала-Бука районунда бир аял колбасага ууланып каза болду12:11   Бишкектеги №1 тергөө абагынын мурдагы жетекчиси камакка алынды09:46   Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолу катуу бороондун кесепетинен убактылуу жабылды
 

Биздин дарек: Бишкек шаары, Москва көчөсү 189
Тел: +996 (312) 45 66 72
Факс: +996 (312) 65 02 04
E-mail: barakeldeorg@gmail.com
© «Баракелде» 2010-2011
«Баракелде» сайтында жайгашкан материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
Материалдарды жалпыга таратуу «Баракелде» редакциясынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.