Баракелде - Ош шаардык кеңешине талапкерлигин көрсөткөн жарандардын арасында кылмыш иши козголгондору да бар. Бул тууралуу Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрайымы Саадат Маматалиева билдирди, деп маалымдады «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы.
«Бул жарандар каттоодон алып салынды», - дейт С.Маматалиева.
Анын айтымында, мындай факт жергиликтүү кеңешке талапкерлердин тизмесин тактоо мезгилинде аныкталды.
«Саясий партиялар сунуш кылган тизмелерде талапкерлердин арасында кылмыш иштери козголуп, актала электери дагы бар экен. Аларды каттоодон өткөргөн жокпуз. Ал эми 3-февралга чейин тизме такталат»,- дейт С.Маматалиева.
Учурда Ош шаардык кеңешине депутаттыкка көрсөтүлгөндөрдүн саны 696ны түзөт.
Мурда маалым болгондой, алардын саны 706 болчу, эми алардын 10у каттоодон четтетилди.














Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (1)