Баракелде - Ошто кылмыштуулук менен кармалган жарандарга 30 адвокат акысыз жардам көрсөтүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык юстиция башкармалыгынын башчысынын орун басары Айдар Камалов билдирди, деп маалымдады «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы.
Ош шаардык юстиция башкармалыгы 30 адвокатты сынактын негизинде кабыл алып, кылмыштуулук менен кармалган адамдарга акысыз адвокаттык кызмат көрсөтөт. Ал эми алардын кызмат көрсөткөндүгү үчүн мамлекет акча төлөйт.
«Кыргыз өкмөтү адам укугун коргоо жана демократиялык баалуулуктарды сактоо максатында мамлекет кепилдеген юридикалык жардам мыйзамынын негизинде жарандарга ар тараптуу жардам берүү максатында иш алып барып жатат», - дейт А.Камалов.
Анын айтымында, өкмөттүн жасап жаткан мындай кадамы кылмыштуулук боюнча кармалган жарандардын убактылуу кармоочу жайларда ур-токмокко кабылуусуна кандайдыр бир деңгээлде жардам болот. Анткени адвокаттар бардык процессти мамлекеттин кепилдиги менен көзөмөлдөп турууга укуктуу.
Кошумчалай кетсек, 2011-жылы шаардык юстиция башкармалыгы тарабынан 555 жеке жана мамлекеттик ишканалар каттоодон өткөрүлгөн. Июнь окуясынан кийин жарандардын экономикалык аймакта эркин иштөөсүнө укуктук жактан жардам катары аталган кызмат бир катар иштерди аткарып жатат.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)