Баракелде - Эртең, 28-январь күнү ишембиде Сокулук районундагы «Күн-Туу» трансформатордук көмөкчордонунан тараган 10 кВ аба электр чубалгысында саат 13:00дөн 17:00гө чейин оңдоо иштерине байланыштуу Военно-Антоновка айылынын бир бөлүгүндө (балдар үйүндө) электр энергия өчүрүлөт.
«Түндүк электр» ААК басма сөз кызматы билдиргендей, ал эми 30-январда көмөкчордончулар кызматы жогорку вольттогу 35/10 кВ «Рассвет» көмөкчордонунда оңдоо иштерин жүргүзөт. Андыктан Сокулук районуна караштуу Ново-Павловка айлынын бир бөлүгү, «Алтын-Ордо», «Ново-Павловка-3» конуштарында, №1 орто мектебинин тегерегинде саат 11:00дөн 15:00гө чейин электр энергия үзгүлтүккө учурайт.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)