Баракелде - Апрелден кийинки банк ячейкаларынан алынган акчалар маселеси кайра көтөрүлгөнү жакшы болду, дейт УКМК төрагасынын мурунку орун басары Марат Иманкулов «Алиби» гезитинин 27-январда чыккан санындагы маегинде.
«Коомчулукка «ячейкаларда 20 млн акча болгон» деп коюшту. А чынында ал жерде 20 эмес, 100 миллиондогон акчалар, нечендеген алтындар болгону, анын баары ар кимдин чөнтөгүнө салынып кеткени тууралуу маалыматтар бар», - дейт М.Иманкулов.
Анын айтымында, бул боюнча көз карандысыз комиссия түзүлүп, иликтенип, уурулар аныкталышы керек.
«Ушул боюнча калып калса, анда апрелден берки бийликтегилердин баарын Бакиевдердин табакташтары катары кароого болот», - дейт М.Иманкулов.















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (1)