Баракелде - Бүгүн, 27-январь күнү Баткен шаарында областтык администрациянын имаратынын алдына 700гө жакын эл чогулуп, А.Буркановду кызмат ордунда калтыруу боюнча вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен жолугушту. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы маалымдады.
Баткен обладминистрациясынын маалымат кызматы билдиргендей, чогулгандар президент А.Атамбаевге, спикер А.Жээнбековго, премьер-министр Ө.Бабановго кайрылуу жолдошту.
Кайрылуунун толук тексти төмөндө
Баткен облусунун тургундарынын атынан сиздерге кайрылуубуздун себеби, Баткен облусунун губернатору А.Буркановго тагылган Лейлек районундагы Андарак айылындагы окуя боюнча комиссиянын жыйынтыгы жокко чыгарылсын.
А.Буркановду өз ордунда калтырууну сиздерден суранабыз.
Эгерде элдердин айткан талабы аткарылбаса Өзбекстан Республикасы жана Таджикстан Республикаларынын, ошондой эле Ош-Баткен-Исфана жол каттамдары аркылуу контрабанда жолу менен Тажик Республикасына өтүп жаткан күйүүчү май, селитра толугу менен токтотулсун.
Жогорудагы айтылган маселе 2012-жылдын 27-декабрь күнү саат 16:00 чейин аткарылбаса саясий кырдаал курчуйт.
Андарак окуясына Баткен областтык Ички иштер башкармалыгынын башчысы Ж.Раззаковдун күнөөсү чоң. Ошондуктан Ж.Раззаковго чара колдонулбаса, биз жогоруда айтылган талаптарды уланта беребиз.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)