Баракелде - Кыргызстандын калкы жаратылыш газы үчүн куб метрине 14,50 тыйындан төлөй башташат. Бул тууралуу «Алиби» гезити 27-январда чыккан санында жазган.
«Кыргызгаз» ААКсынын башкы директору Тургунбек Кулмурзаев 2012-жылы Өзбекстан Кыргызстанга жаратылыш газынын миң куб метрин 290 АКШ долларынан, а Казакстан болсо 224 АКШ долларынан сатмай болгонун кабарлады», - деп жазат гезит.
Гезиттин маалыматы боюнча, ошондо орточо эсеп менен миң куб метрине 246 доллардан айланат экен. Коммерциялык керектөөчүлөр газды 17,88 тыйындан алышат.
«Эмнегедир Т.Кулмурзаев газ тармагындагы «ширшовдук схемалар» туурасында таптакыр эле унчукпаганы кызык. Биз билгенден, бул тармакта дагы Ширшовдун ортомчу фирмалары негизги булактардан газды арзан баада алып, керектөөчүлөргө кымбат баада сатып, ортодон чоң суммадагы кирешелерди таап жүрүшчү. Кулмурзаев бул туурасында эмне дейт болду экен?», - деп жазат гезит.
















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (1)