Баракелде - Аймактык кабарчы Орозалы Карасартов кабарлагандай, бүгүн, 27-январда Жалал-абад шаарында экс-мэр Максатбек Женбековдун демилгеси менен Улуу Ата мекендик согушта Ленинград шаарынын блокададан бошотулган күнүнө карата бир катар иш-чаралар белгиленди.
Согуштун ардагерлери, блокаданын катышуучулары Жеңиш паркындагы эстеликке гүл коюшуп, аларга кара нан, консерва, жүз грамм арак, аскердик тамак берилди. Ошол блокаданы бошотууга катышкан ардагерлердин үчөө Жалал-Абад шаарында экендигин М.Женбеков маалымдады.
Андан кийин М.Жэнбековду жана анын жубайы Ш.Женбекованын көөмөгү менен тартылган С.Абдукаримовдун «Тогуз жүз күндүн тозогу» аттуу хроникалык-даректүү фильми тартууланды.
Ал фильмде согуштун каардуу учуру, анда курман болгондор көмүлгөн Пискарев күмбөзү тууралуу жана жеңиштин 65 жылдыгы боюнча окуялар камтылган.
М.Женбеков Санкт-Петербургда иштеп жүргөн учурунда кыргызстандыктар да чакырылып, каза болгонун аныктап, бийлик жарым кылымдан ашык убакыт көңүл бөлбөй, ошол жерде иштеп, жашап жаткан кыргыздардын диаспорасы тарабынан аларга эстелик тактай тургузганы айтылат.
Бул иш-чара жыл сайын өткөрүлүп турат», - дейт М.Женбеков.















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (1)